Turmush — Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын №3 орто мектебине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов барды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, элчи «Дүйнөлүк азык-түлүк программасы» долбоорунун аталган мектепте ишке ашырылышы менен таанышуу үчүн барган.
№3 орто мектеби бул программанын эсебинен мектептин ашканасына турмуш-тиричилик техникаларын, анын ичинен кууруучу шкафтар, муздаткыч, идиш-аяк үчүн текче, идиш-аяк, ошондой эле витаминдештирилген ун менен камсыз болгон.
Долбоорду Россия Федерациясы каржылап, 1-4-класска чейинки жалпы 640 балага акысыз ысык тамак берилет.
Жайыл району боюнча бул долбоорго жалпысынан 16 орто окуу жайы тартылган.