Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Жалал-Абад облусунун Кочкар-Ата шаарындагы Бишкек-Ош жолу кароосуз калган

Turmush -  Жалал-Аблусунун Кочкор-Ата шаарында Ош-Бишкек жолу оңдолбой жатканына айдоочулар нааразычылыгын айтышууда. Бул тууралуу айдоочулардын бири Элдияр Ибраимов Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын билдиришинче, Кочкор-Ата шаарында 200-300 метр жол бузулуп, унаалардын каттамына кыйынчылык жаратууда.

«Кочкор-Ата шаарынын борборундагы жол бузулуп, чуңкурлар пайда болгон. Бузулганына көп болуп калды. Бирок жолду оңдогон эч ким жок. Алыс жолго чыкканда кыйынычылык жаратат. Жол оюлуп асфальт жок болгон. Ал жерден өтүү үчүн жок эле дегенде жарым саат убакыт кетет. Узак жолго чыкканда бардыгы ушул жерге келгенде нааразы болушат», - дейт Э.Ибраимов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1847
Көп окулду
×