Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Көк-Жаңгак 27.01.2015 12:00

Көк-Жаңгакта жаңы лыжа тебүүчү жай иштей баштады (фото)

Turmush -  Көк-Жаңгак шаарынын тургуну, лыжа тебүүчү жайды уюштуруучулардын бири Болот Исмаиловдун айтымында, жергиликтүү жашоочулардын спортко болгон кызыгууларын артыруу максатында уюштурулган.

«Үч дос биригип, ушул жайды уюштурдук. Биздин максат - жашоочуларды спортко тартуу жана алардын кышкы эс алууларын мыкты өткөрүүгө шарт түзүп берүү болду. Атайын Бишкек шаарынан кар тебүүчү каражаттарды алып келдик. 5 гектар жайыт аянтына жарык бергичтер орнотулуп, түнкүсүн да эс алууга мүмкүнчүлүк жаралды», - дейт Б.Исмаилов.

Ал баса белгилегендей, ар аптанын дем алыш күндөрү ар түрдүү оюндар да уюштурулууда. 500 метр узундуктагы лыжа тебүүчү жайда учурда 30 см калындыктагы кар бар.

DSC03189

DSC03190

DSC03191

DSC03220

DSC03225

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×