Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Физикалык көлөмдүн индекси Ала-Бука, Тогуз-Торо, Чаткал райондору менен Кара-Көл шаарында аткарылган жок, - Экономика министрлигинин өкүлү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул райондору, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарлары физикалык көлөмдүн индексин 100%дан ашык аткарышкан. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад регионалдык бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Шарапов билдирди.

Алынган маалыматка караганда, физикалык көлөмдүн индекси Ала-Бука, Тогуз-Торо, Чаткал райондору менен Кара-Көл шаарыда аткарылбай калган.

«Райондордо физикалык көлөмдүн өсүүсүнүн камсыздалбай калуусуна төмөнкүлөр таасир берди: Ала-Бука районундагы «Иштамберди» кениндеги «Фулд Голд Майнинг» ЖЧКсы жыл ичинде убактылуу токтоп тургандыгынан продукция өндүрүшкөн жок. Чаткал районунда алтын казган «Вертекс» ЖЧКсы продукция өндүргөнү менен, өткөн жылда көрсөткүчү жок болгондуктан, физикалык көлөмдүн индексине таасири болгон жок. «Терексай рудниги» АК жана «Фонта» ЖЧКу 2014-жылдын июнь айында убактылуу иштебегендиктен, өткөн жылга салыштырмалуу төмөн болууда», - деди ал.

Мындан тышкары, Тогуз-Торо районунун өсүү темпи жана физикалык көлөмдүн индексинин аткарылбагандыгынын себеби: райондук мамлекеттик администрациясынын берген маалыматы боюнча, «Макмалалтын» комбинаты өткөн жылга жана жеткирилген божомолго камсыздалбай калуусу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1956
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×