Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Көк-Жаңгактагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна күнүнө 2-3 саат гана суу берилет (фото)

Turmush -  Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна таза суу күнүнө 2-3 саат гана берилет. Мындай абал дарыгерлерди түйшүккө салып келээрин дарыгерлер айтышат. Ал эми аталган борбордун жетекчиси Райла Насырова суу көйгөйү бар экенин четке каккан жок. Ал төмөндөгүчө пикирин билдирди:

«Булактардын соолуп баратканына байланыштуу чынында 2-3 сааттан суу берилет. Биз пачокторго, идиштерге толтуруп алабыз. Эгер сууга өтө зарыгып калсак, шаардык сууканал башкармалыгына байланышып, чыгартабыз. Билесиздер да ооруканада суу көп керектелет. Чынында кыйынчылык бар»,-деп белгиледи ал өз сөзүндө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2427
Көп окулду
×