Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Фото - Көк-Жаңгакта жоокерлер ант беришти

Turmush -  Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында жайгашкан 52870-аскердик бөлүктө жаңы чакырылган жоокерлердин аскердик ант берүү аземи өттү.

Аскер бөлүктөгү командирдин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары Алтынбек Узбековдун айтымында, бүгүнкү аземде 60тан ашык жоокер мекенин коргоо үчүн ант берди. Иш-чарага аскер бөлүктүн командири, полковник Руслан Раджапов, Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери, жаш жоокерлердин ата-энелери катышты.

Салтанаттын аягында жоокерлер кол күрөш, курал менен жана куралсыз күрөш ыкмаларын көрсөтүп, чакан концерттик программа тартууланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2383
Көп окулду
×