Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Көк-Жаңгак шаарындагы кесиптик лицейде төлөнө элек карызынан улам, бир аптадан бери таза суу чыкпай жатат

Turmush -  Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы №71 кесиптик лицейинде бир аптадан бери таза суу жок. Бул тууралуу лицейдин директору Ислам Мадазимов билдирди.

Анын айтымында, окуу жайдын таза сууга болгон карызы 26 миң сомго жеткендиктен Көк-Жаңгак шаардык «Шарбулак» суу чарба ишанасы таза суу кирүүчү суу түтүктөрүн бууп салган.

«Биз мамлекеттик окуу жайбыз. Бюджеттен коммуналдык төлөмгө бөлүнгөн акча бөлүнсө, ошол бойдон төлөп беребиз. 3 миң сом төлөсөк, бизди шылдыңдап жатасыңар дешет, бюджеттик мекемени түшүнүшү керек болчу», - дейт ал.

Ошондой эле, ал шаар мэри Жалалидин Юсуповдун кийгилишүүсү менен бүгүн эртеңден суу кайрадан бериле турган болуп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2002
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×